БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда абактагылардын тамактануусу жакшыртылат. Тиешелүү токтом долбоорун ЖАМК даярдаган.
Анда рационду медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти Феруза Кочкорова жетектеген топ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) сунуштарын эске алуу менен иштеп чыкканы айтылган.
Ага ылайык, нан, ун, крахмал, балык жана трансмайлар кыскартылат. Бул диабет, жүрөк оорулары, инсульт жана рак сыяктуу оорулардын тобокелдигин азайтары айтылган.
Ошондой эле долбоордо макарон, жумуртка, сүт, каймак жана канаттуу этин көбөйтүү каралган. Бул клетчатка менен камсыз кылууга жардам берери айтылган.
Айрым азык-түлүктөрдү керектөөнү азайтуу бюджеттин чыгымдарын үнөмдөөгө шарт түзөрү кошумчаланган.