Көлгө вьетнамдык компания күн менен иштеген электр станция курарын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Өрүктү айылына кубаты 1 900 мегаватт болгон күндүн нуру менен иштеген электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Аталган министрликтин жетекчиси Таалайбек Ибраев РЭЦА ЖЧКсынын жана Вьетнамдын Rox Energy Global компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда жер бөлүп берүү берүү, станцияны электр тармагына кошуу жана мамлекеттик колдоо маселелери каралды.
Инвестициялык келишимге кол коюлган.

"Анын кубаты 1,9 миң мегаватт болмокчу. Иш башталды. 2027-жылы долбоорду аяктоо пландалып жатат. Жаңы электр станциясын чет элдик инвестор каржылайт", — деп билдиришти Энергетика министрлигинен.

Салыштыруу үчүн айтсак, Кыргызстандагы ири электр станциясы деп эсептелген Токтогул ГЭСинин жаңылангандан кийинки кубаттуулугу 1,44 миң мегаваттка жетет.
Токтогул суу сактагычына күндөн энергия алган эки калкыма станция курулат