БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-июль, шейшембиде, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, ал эми өрөөндөрдө күн ачык болорун Кыргыз гидрометерология билдирди.
Абанын температурсы Чүй менен Баткенде +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +31...+36, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +26...+31 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин чыгат.