Путин: Россия флотун заманбап куралдар менен жабдууну улантат

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Аскер-деңиз флотунун ыкчам машыгууларын жакындан көрүп чыкканын РИА Новости жазды.

"Машыгуулардын негизги максаты — флот бөлүктөрүнүн жана бирикмелеринин деңизден болгон кол салуунун мизин кайтаруу иштерин кынтыксыз иштеп чыгуу. Ошондой эле атайын операция учурунда алынган тажрыйбаны пайдаланып эң татаал, өзгөчө жана стандартка туура келбеген ыкчам, тактикалык жана башка тапшырмаларды аткаруу", — деди Путин.

Ал Россия флотту заманбап деген курал-жарак менен жабдуу ишин уланта турганын айтты. Андан сырткары, сууда жана суу үстүндө жүрүүчү кемелердин, жээктеги жана аба бөлүктөрүнүн экипаждарынын согуштук даярдыгын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уланта турганын белгиледи.
Жакынкы убакта деңиз аскерлеринин беш бригадасы дивизияга айланат. Алардын экөө ушул эле жылы болмокчу. Путин бул кадам соккунун мизин кайтаруунун күчүн жана согуштук мүмкүнчүлүктөрдү сапаттуу деңгээлге көтөрө тургандыгын айтты.
Жекшемби күнү мамлекет башчы Санкт-Петербург шаарындагы Башкы адмиралчылыкка барды. 23-июлдан тарта Тынч жана Түндүк муз океандарынын, Балтика жана Каспий деңиздеринин акваторияларында кеңири масштабдагы "Июль шторму" деп аталган ыкчам машыгуулар өтүп жатат.
Буга 150дөн ашык согуштук жана камсыздоо кемелери, 120 учуучу аппарат, жээктеги ракеталык 10 комплекс, 950дөн ашуун аскердик жана атайын техника пайдаланылууда. Машыгууга 15 миңден ашуун аскер катышып жатат.
Путин Россия Аскердик-деңиз флотунун кубатын мындан да арттырарын айтты. Видео