Рубио республикачылар АКШ президенттигине чыгарчу талапкерди атады

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти 2028-жылдагы президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан болчу мыкты талапкер деп атаган. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жей Ди Вэнс сонун талапкер болот", — деп айткан Рубио Fox News телеканалында АКШ президентинин келини Лара Трампка берген интервьюсунда. Ага келерки президентти шайлоо боюнча суроого узатылган.
Май айында NBC телеканалына берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамп вице-президент Жей Вэнс ал мамлекеттин башынан кеткенден кийин президенттикке талапкер болушу мүмкүн экенин айтып жана аны "мыкты" деп мүнөздөгөн эле.
Анткен менен Ак үйдүн кожоюну кийинчерээк болочоктогу шайлоо өнөктүгүнө аралашкысы келбей турганын мойнуна алган.
Вэнс АКШга догурунган Зеленскийди сынга алды