БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүктүү достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндөгү Декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады.
"Документке кол коюу — Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин азыркы этабынын башталышын шарттап, негизги багыттар боюнча кызматташууга жол салды", — деп белгиледи Путин.
Аны менен катар эле ТИМ башчылары куттуктоо телеграммаларын бири-бирине тапшырды.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун куттуктоо катында эки өлкө ортосундагы байланыштар "көп жылдык тарыхка негизделгенин, анын ичинен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш өзгөчөлөнүп турарын" белгиледи.