"Ата-Бейит" комплексинин кызматкерлеринин маянасы 100 пайыз көтөрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый комплексинин кызматкерлеринин маянасына 100 пайыз үстөк төлөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.
Документте чечим 1-июндан тартып күчүнө киргени белгиленген.
Финансы министрлигине 2025-жылдын жети айына карата кошумча 4 миллион 70 миң сом бөлүү тапшырылды. Мындай каражаттар кийинки жылдары да бюджетте каралуусу керектиги айтылган
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү чараларды көрүү, ал эми президенттин администрациясына токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Далай сырды, оор күйүттү батырган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр