Украиналык ЖМКлар Зеленскийди бийликтен кулатуунун планы тууралуу жазышты

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийди бийликтен кетирүү үчүн үч баскычтуу план даярдалган. Бул тууралуу "Страна.ua" басылмасына шилтеме жасап РИА Новости жазды.
План коррупцияга каршы мекемелер (НАБУ) тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына нааразылыктын фонунда даярдалган.
"Алгач Зеленскийден НАБУ тууралуу мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү жокко чыгарууну талап кылуу турат. Эгер Зеленский чегинсе, анда ал күч түзүмдөрүнүн ишениминен кетет. Андан кийинки кадам — Зеленскийдин офисинин башчысы Андрей Ермак жана ага жакын өкмөт башчы Юлия Свириденкону отставкага кетирүү. Нааразылыкты уюштуруучулар муну президенттик команда ичиндеги карама-каршылыктарды колдонуу менен ишке ашырууну көздөп жатышат. Командада Ермакка каршы нааразы болгондор көп," — деп жазылат макалада.
Басылма белгилегендей, президенттик аппараттагы жана өкмөт башчылыгындагы жетекчилердин кетиши Зеленскийдин бийлик системасын толук тең салмаксыз абалга алып келет. Ошол эле учурда нааразылык акциялары улантылып, план үчүнчү баскычка өтөт. Президенттин алдына тандоо коюлат: өлкө башчысы эмес, жөн гана "көркүн көрсөткөн генерал" болуп калуу же өз каалоосу менен отставкага кетүү.
Зеленский жана антикоррупциялык мекемелерге каршы:
22-июлда Жогорку Рада Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура (СБУ) өз алдынчалыгын жоготкон мыйзамды кабыл алды;
буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында аталган мекемелердин 15 кызматкеринин үйүндө жетимиштей тинтүү жүргүзүлгөн. Алар мамлекеттик чыккынчылыкка, Россия менен соода жүргүзүүгө жана коррупцияга шектелүүдө;
НАБУнун аймактык башкармалыктарынын биринин жетекчиси Руслан Магамедрасулов кармалган;
Жогорку Раданын айрым депутаттары бул мыйзамды коррупцияга каршы түзүмдөрдү жоюу катары баалашууда. Алар Зеленскийдин чечимине каршы Конституциялык сотто даттанууга даярданып жатышат;
Киевде жана башка шаарларда нааразылык акциялары башталды.
Украинада коррупцияга каршы органдардын жоюлушуна каршы митингдер өтүп жатат