БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Россия НАТО менен чатакташууга умтулбайт, бирок өзүнүн жарандарынын коопсуздугу менен кызыкчылыгын коргойт жана альянстын РФтин аскердик даярдыгын сынагысы келген аракеттерине токтоосуз, кескин жооп алат. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтканын РИА Новости жазды.
Июндун соңунда Блумберг агенттиги НАТО менен Россиянын ортосундагы катуу чатактын ыкмалдыгын жазган. Ал жасалма уюштурулган, маселен, Москвадан Калининградга чейинки темир жолдо болот деген түкшүмөл менен берген.
"Бул нерсени аны ойлоп тапкан авторлордун абийирине койдук", — деген Патрушев макалага комментарий берип.
"Россия тирешүүгө умтулбайт, бирок улуттук кызыкчылыктарын жана жарандарынын коопсуздугун бардык жеткиликтүү каражаттар, ыкмалар менен коргойт. Аскердик даярдыгыбызды сыноо аракеттерине токтоосуз жана кескин жооп берилет. Кесепеттер болуп кетсе, ал жоопкерчилик толугу менен альянстын жетекчилигинин мойнунда болот", — деп белгилеген ал.
Акыркы жылдары Россия батыш чек араларында НАТОнун өтө активдешип жатканын белгилеп келет. Альянс демилгелерин "Россиянын агрессиясын токтотуу" деп атап жүрөт. Москва блоктун Европадагы күчтөрүнүн арттырып, көбөйтүшүнө түйшөлгөнүн бир нече ирет билдирген. РФ ТИМинен Москва НАТО менен диалогго даяр экендигин, бирок бул тең шартта болсун деген позицияда туруп, айтып келет.