БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июль, ишембиде, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй аймагында +33...+38, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +28...+33, Нарын жергесинде +27...+32 градуска көтөрүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +36...+38 градуска жетет.