"Менин шаарым" тиркемеси аркылуу эми шаар аралык каттамдардын транспортторун да кайсы жерде бара жатканын көрүүгө шарт түзүлөт. Бул тууралуу Чыңгыз Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Азырынча бул Бишкекке Чүй облусундагы айрым шаарлардан келген каттамдарда гана жеткиликтүү.
"Менин шаарым" коомдук тиркемесин, "Акылдуу аялдама" долбоорун Бишкектин башка аймактарында да ишке киргизгенге даярбыз. Учурда көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында эле Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен келишим түзүп, Чүй облусундагы шаарлардан борборго келген маршруттук каттамдарга gps-трекерлер орнотула баштады. Учурда айрым рейстерде кадимкидей иштеп жатат. "Менин шаарым" уюлдук тиркемесине кирип эле кайсы убакытта кайда бара жатканын көрсө болот. Бул жүргүнчүлөрдүн алыс жолдогу коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоодо маанилүү", — деди Жумагулов.
Ошондой эле ал GPS-трекерлерди алыскы дубандарга каттаган маршруттук каттамдарга да орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.