25-июлга карата аба ырайы

25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. 25-июль, жума күнү, республиканын тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +36...+38 градуска көтөрүлөт.
Радио
Шаарлар ортосундагы каттамдарга GPS-трекерлер орнотулууда