БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстан чекене сооданын өсүшү боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө лидер болууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Көрсөткүчтөргө келсек, беш айдын жыйынтыгы менен биримдиктеги өсүш 3,2 пайызды түзгөн.
Өлкөлөр боюнча алсак:
Кыргызстан — 24,6 пайыз;
Беларусь — 9,3 пайыз;
Армения — 7 пайыз;
Казакстан — 6,5 пайыз;
Россия — 2,3 пайыз.