23-июлга карата аба ырайы

23-июлда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 34…39, Талас өрөөнүндө 32…37, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 34…39, Ысык-Көл жеринде 30…35, Нарын чөлкөмүндө 29…34 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 36…38, Ош шаарында 37…39 градуска ысыйт.
40 градуска чамалаган ысык. Бир жумага карата аба ырайы