Кыргызстандык көзгө атарлар эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алды

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандык снайперлер Кытайдагы эл аралык мелдеште ийгилик жаратышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-18 июлда Үрүмчүдө "Sharp Blade — 2025" көзгө атарлардын эл аралык мелдеши өткөн. Ага 25тен ашуун өлкөдөн 55 команда катышкан.
Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыды:
жогорку тактыктагы снайпердик атуу;
тактикалык кырдаалдарда ок атуу;
комплекстүү күжүрмөн атуу;
алыскы аралыктан атуу.
Натыйжада УКМКнын 9-кызматына караштуу "Калкан" атайын багыттагы отряды жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи. Ал эми команданын катышуучуларынын бири жеке мелдеште биринчи орунду алган.
Учкуч-снайпер Имангазиев: энемдин дубасы менен Афганистандан аман кайттым