БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Монголиянын президенттери бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев пресс-служба президента КР
Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюшкан.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу;
эки өлкөнүн ТИМдеринин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;
жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
маданият тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
Санариптик өнүктүрүү министрликтеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
КРдин президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Монголиянын Коопсуздук жаатында изилдөөлөр улуттук институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Моңгол мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын администрациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
"Кабар" маалымат агенттиги менен Монголиянын "Монцамэ" улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Илимдер академиялардын ортосундагы илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
УТРК менен Монголиянын Улуттук телекөрсөтүүсүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.