БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 22-июль, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болорун Кыргызгидрометеорология кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +32...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жергесинде +28...+33, Нарын өрөөнүндө +25...+30 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +36...+38, Ош шаарында +37...+39 градуска жетет.