БИШКЕК, 20-июл.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кремлде Ирандын жогорку жетекчисинин улук кеңешчиси Али Лариджанини кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен жазды.
“Владимир Путин бүгүн Ирандын жогорку жетекчисинин улук кеңешчиси Али Лариджанини кабыл алды. Тегерандын өкүлү жетекчилигинин тапшырмасы менен Россия президентине Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Ирандын өзөктүк программасына берген баасын жеткирди”, — деген Песков.
Ал Россия тарап региондогу абалды турукташтырууга, өзөктүк программага байланышкан маселелерди саясий өңүттөн жөнгө салууга чакырганын белгиледи.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, жума күнү Франция, Германия жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Үч мамлекет Тегеранды өзөктүк келишим түзүү боюнча аракеттерди жандантууга чакырган, болбосо аталган өлкөлөр кайтарым санкция механизми колдонула турганын айтышкан болчу.
Аракчи эгер Париж, Берлин жана Лондон бул маселе боюнча сүйлөшүүдө маанилүү роль ойноону каалай турган болсо, чектөө чараларын киргизүү саясатынан баш тартып, жоопкерчиликти сезиши керектигин билдирген. Ал эми АКШ менен мамиле боюнча дипломат Вашингтон өзөктүк келишимди өз ара пайдалуу негизде түзүүгө даяр болсо гана Тегеран диалогду жандантууга барарын белгиледи.