Бишкектин борборунда беш күн бою газ жок болот

Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө беш күн бою газ жок болорун "Бишкекгаз" билдирди.
Көгүлтүр от Калык Акиев, Чүй проспекти, Токтогул, Фрунзе, Ибраимов, Сүйүмбаев, Жукеев-Пудовкин, Суванбердиев, Киев жана Лев Толстой көчөлөрү менен кесилишкен аймакта болбойт.
Мындан тышкары, “Кыргызавтомаш” заводуна, макарон цехине, “Жыргал” жана “Байтур” мончолоруна да берилбейт.
Чектөө жер алдынан өткөн орто басымдагы газ түтүктөрүн оңдоо иштери менен байланыштуу болору айтылды.
Бишкек, Чүйдү газдаштырууга жеңилдетилген кезектеги насыялар бериле баштайт