БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган төрт бала Кыргызстанга кайтарылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кичинекейлерди алып келүүдө министрлик менен Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тыгыз иштеген.
"Кайтарылган балдардын экөө жакын туугандарына берилсе, калган эки бөбөк Бишкектеги балдардын атайын мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Министрлик алардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган балдарды мекенге кайтаруу боюнча иштер улана тургандыгын кошумчалады.