Төө, топоз, мышык эмнеге сатылып жатканын цирктен түшүндүрүп беришти

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз циркинен алардын жаныбарлары эмнеге сатылып жаткан себебин айышты.
Жаныбарлар мурдагы жетекчилик тарабынан үйрөтө турган киши жокто сатып алынган. Андан бери алардын үйрөтүлө турган убагы өтүп кеткен.
"Чыгымга учурабаш үчүн жаныбарларды сатыкка чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул иштер мыйзамдын негизинде жана тиешелүү талаптарды аткаруу менен жүргүзүлүүдө. Тагыраагы, жаныбарлар эмделген, ылаңы жок. Сатылган жаныбарлардын ордуна башкалары алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин мамлекеттик цирктеги төө, топоз, эчки, мышык, енот жана чүткөр сатылары жарыяланган. Жалпы наркы 410 миң сом деп бааланып жаткан.
Мамлекеттик цирк бир аптада 5,3 млн. сом пайда тапканы айтылды