ЖМК: Трамптын Украина боюнча саясатынын өзгөрүшү фронттогу абалды өзгөртө албайт

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча саясатынын өзгөрүшү да фронттогу абалды өзгөртө албайт. Бул тууралуу франциялык Le Monde гезити жазганын РИА Новости кабарлады.
"Трамптын Украинага мамилеси өзгөргөн күндө да ушу тапта кырдаалга эч кандай таасир эте албайт", — деп айтылат макалада.
Гезит Вашингтондун Москвага кысым көрсөтө турган рычагы бар экенинен күмөн саноодо. Авторлор "мааниси түшүнүксүз" санкциялар да Россиянын чечим кабыл алуусуна таасир эте албастыгы белгиленген.
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү АКШ лидери Москвага Киев менен келишүүсү үчүн 50 күндүк убакыт берген. Эгер шарты аткарылбаса Россиядан барган товарларга 100 пайыздык тариф киргизип, андан нефть, газ, уран сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын чегерерин айткан.
Муну менен бирге Трамп АКШ менен ЕБ Украинага америкалык курал-жарак жөнөтүү боюнча чечим кабыл алганын, анын акысын Европа төлөй турганын кабарлаган. Мында Киевге ракеталар эле эмес, Patriot батареялары кошо жөнөтүлмөкчү.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Трамптын планы кадимки эле бизнес деген пикирин билдирген. Европа согушту создуктуруу үчүн курак-жаракка чоң акча жумшоого даяр экенин айтканы менен каражатка келгенде пикир келишпестик жаралууда. Франция, Чехия, Италия жана Венгрия мындай соода-сатыкка аралашуудан баш тартты.
Bloomberg Россия экономикасынын жеңишке жеткенин жар салды