БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россияда июнда баа мурункудай тездик менен көтөрүлбөй, ыргагы жайлады. Бул өлкөнүн Борбордук банкынын ишинин натыйжасы экенин Bloomberg жазды.
"Россия экономикасы инфляцияга каршы турууда акыры жеңишке жетти" деп башталган макалада ушу тапта инфляция 9 пайыздык деңгээлде кармалып турганы айтылат.
"Бул 4 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн кыйла жогору. Мында баанын көтөрүлүшү өткөн айга салыштырмалуу жайлап, азыркы инфляцияга туура келди", — деп жазышкан аналитиктер.
Басылманын айтымында, баанын кескин көтөрүлбөй калышы — Россия банкынын катаал акча саясатынын жемиши. Башкы банк 6-июнда үч жылдан бери биринчи жолу негизги коюмду 21 пайыздан 20 пайызга чейин түшүргөн. Анткен менен мекеме ишинин нугун өзгөртпөй, чечимдерди инфляциянын төмөндөөсүнө жараша кабыл алууну улантмакчы.
Россия банкыны Финансы конгрессинде Борбордук банктын башчысы Эльвира Набиуллина инфляция күтүлгөндөн тезирээк жайлап жатканын белгилеген.
Ал эми өлкөнүн Статкомунун маалыматы боюнча, Россияда инфляция июлда 0,2 пайызга жайлаган, айлык өлчөм менен алганда майда 0,43 пайыз, жылдык ченем менен 9,88ден 9,4 пайызга чейин жайлаган.