1943-жылы январда Дон фронтунда генерал-лейтенант Константин Рокоссовскийдин жетекчилиги менен "Кольцо" операциясы өткөн. Советтик аскерлер Мамаев коргонунун аймагында немецтик күчтөрдү эки бөлүккө ажыраткан.
Анда немецтердин генерал-фельдмаршалы Паулюс башкарган түштүк топтогу аскерлери, ал эми 2-февралда түндүк тобу каршылык көрсөтүүсүн токтоткон. Курчоого алынган душман жок кылынган.
Советтик армия 1943-жылы 10-январдан 2-февралга чейин 91 миң немецти туткундап, 140 миңин жок кылат. Тарыхый маалыматтарда душмандын аскерлери суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган.
СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.
Тема боюнча: