СССР жана АКШнын лидерлери Иосиф Сталин менен Гарри Трумэн союздашы Уинстон Черчиллдин (Улуу Британия) бул аянтчаны шайлоо алдындагы өнөктүктө пайдаланышын каалабагандыктан Потсдам конференциясынын ачылышын атайын создуктурган.
Сталин Брестте токтоп, поездди евро стандарттагы рельске которууну күтүп калбашы үчүн СССР менен Потсдамдын ортосундагы 828 чакырым темир жол советтик стандартка ылайыкташтырылган.
"Алгач икра, арак, коньяк. Аягында шампан. Ортосунда ышталган жана жаңы эле кармаган балык, илбээсин, тоок, өрдөк, жемиштер. Ар бир беш мүнөттө тост айтылды. Мен кеминде эле 25ти санадым", — деп Трумэн советтик делегация берген кечки тамак тууралуу эскерген.
Кыязы, мунун баары дүйнөлүк лидерлерге ар кыл кызыкчылыктан жана баалуулуктардан алганда деле бир пикирге, кепке келишине жардам берген.
Алар:
Германияны куралсыздандыруу жана демилитаризациялоо планын кабыл алышкан;
нацисттердин мурдагы союздаштары: Италия, Румыния, Болгария, Венгрия жана Финляндия боюнча жалпы саясатты иштеп чыгышты;
бир нече ондогон жылдарга созулган дүйнөлүк тартипти орнотушкан.
Тема боюнча: