Колумбия президенти НАТО менен алаканы токтотуу ниетин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Колумбия НАТОдон жана согушка аралашкан европалык мамлекеттерден алысташы керек. Бул тууралуу өлкө президенти Густаво Петро Боготада өткөн Гаага тобунун иш-чараларынын жабылышында билдиргенин РИА Новости жазды.
"НАТОдон чыгышыбыз керек, башка жолубуз жок. Өз элин сатып, бомбалоого катышкан европалык мамлекеттер менен мамиле кура албайбыз", — деген Петро.
Өлкө башчынын айтымында, НАТОнун маанилүү өнөктөшү деп эсептелген Колумбия армиясы "балдарды бомбалаган" альянска мүчө боло албайт.
"Биз НАТОдо эмне кылып жүрөбүз? Башка аскердик блок түзүүгө убакыт келип жеткен жокпу? Бул эркиндиктин эмес, түркөйлүктүн армиясы болуп калды. Биздин армия жаркын келечек камсыздашы керек", — деп кошумчалаган президент.
Колумбия президенти эгер Батыш мамлекеттери тарабынан кысым жасала турган болсо, Богота башка региондон колдоо таба аларына ишенимин билдирген.
"Эгер бизге каршы бажы алымын киргизише турган болсо, кандай болгон күндө да башка өлкөлөр бизге жардам берип, продукциябызды сатып ала алат", — деди саясатчы.
Петро буга чейин Израилдин Газа секторундагы аракеттерин сындап, президенттин жарлыгына карабай Тель-Авивден курал сатып алып жаткан коргоо министринин саясатынан күмөн санаарын билдирген.
Лавров: НАТОнун кеңейиши бардыгына зыянын тийгизди. БРИКС саммитинин күндөлүгү