Жалал-Абадда жоокер жанын кыйганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жалал-Абадда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана коштоо департаментинин аскердик милдетин өтөп жаткан жоокери жанын кыйды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлашты.
20 жаштагы жигит бүгүн эрте менен батальон командиринин кабинетинде каза тапкан. Аскерге Нарындын Кочкор районунан чакырылганы белгилүү болду.
Алдын ала маалымат боюнча, маркум өлөр алдында кат жазып кеткен, анда чогуу кызмат өтөгөндөр менен мамилеси келишпегени айтылган.
Бишкекте соттолгон адамды коштоп жүргөн жоокер өзүн атканы кабарланды