БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен токтотууну каалайт. Бул туурасында Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.
"Ал (Путин — ред.) тынчтыкты каалай турганын көп айтат. Мен да анын ниети бар деп ишенем, муну жакында билебиз", — деп журналисттерге айткан.
Трамп муну менен катар эле Москва айткандарын азырынча иш менен бекемдей элек деген.
Анын пикиринде, Россия 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык макулдашуусун түзүшү керек. Болбосо россиялык товарларга 100 пайыздык бажы алымын, Россиядан нефть, газ, уран сатып алган мамлекеттерге кошумча санкция киргизерине "убада берген".
Аптанын башында Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва Киев менен кезектеги сүйлөшүүлөрдү күтүп жатканын, бирок Украина унчуга электигин айткан.
Трамп жогоруда айтылган 50 күндүк шарты менен кошо катар эле АКШ менен ЕБ Киевге америкалык курал жөнөтүү боюнча макулдашканын, анын акысын Европа төлөй турганын билдирген болчу. Жөнөтүлчү ок-дарынын катарында ракета эле эмес, Patriot батареялары дагы бар.
Песков билдирүү бир топ эле олуттуу экенин жана аларга дыкат анализ жасоо керектигин, бул үчүн убакыт зарылдыгын айткан. Кремлдин расмий өкүлү эгер зарыл деп тапса, Владимир Путин Трамптын айткандарына комментарий бериши мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Москва Украинага Батыштын курал-жарак жеткирүүсү эч нерсени өзгөртө албай турганын, болгону жаңжалды создуктурарын эскертип келет.