БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. 1944-жылдын 16-июлунда Минскиде бир башкача парад өттү. Анда аскерлер эмес, партиялык отряддардын 30 миңге чукул мүчөсү баскан.
Улуу Ата Мекендик согуштагы партизандар парадга немецтик фашисттерден олжологон курал-жарак жана жашыруун "токой заводдорунда" өздөрү жабдып чыккан техникалар менен келишкен.
Партизандар техникалардын ичинен көбүнчө отун менен жүрүүчү ЗИС-21 жүк ташуучу автоунааны жактырчу. Бул машина немецтерден олжолонгон. Душмандын бир жоокерин үгүттөп, аны автоунаасы менен кошо партизандар өздөрүнүн тарабына өткөрүп алышкан.
Германиялык дезертир Ганс Куляс согуштан кийин улуту орус партизан кызга үйлөнүп, Сибирге көчүп кеткен.
Бул параддын дагы бир ардактуу катышуучусу Малыш деген ат ыйгарылган текечер эле. Ал партизандарга ак жолтой эле болбостон, майдандашы катары да жүргөн.
Немистерден түшкөн бул жаныбарды алар жакшылап багып алышкан. Текечер бир эмес бир нече ирет партизандарды куткарса, ок жаап турганда санитарларга жүктөлгөн дары-дармекти түгөл жеткирип турган.