Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Европа Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө ичи чыкпаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Европа АКШ президенти Дональд Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө канааттанбай турганын Spiegel басылмасы жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Көптөн бери айтылып, көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп келген билдирүү анча маңыздуу болбой калды. Вашингтондун да, Европанын айрым мамлекеттеринин да күткөнү башка болчу. Буга АКШ президенти өзү да себеп болду", — деп жазылат макалада.
Мындан тышкары, Европа америкалык лидердин Украина маселеси боюнча кандайдыр бир жылыш болбосо көрө турган чараларына нааразы.
"Чынында мындай тарифтер Россия экономикасына көп деле таасир этпейт. 2023-жылы Россия АКШга беш миллиард долларга жетпеген товар экспорттоптур, 2024-жылы көрсөткүч андан да аз", — деп жазган басылма.
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Трамп Россияга нааразы экенин айтып, Украина маселеси 50 күндүн ичинде жөнгө салынбаса ири көлөмдөгү бажы алымдарын киргизип, жылыш болбосо кайталанып киргизилген бажы алымы 100 пайызга жогорулатыларын жар салды. Анткен менен АКШ лидери жагдай буга жетпей оңолот деген үмүтүн да билдирген. Трамптын айткан-дегенинен кийин Ак үйдүн аткаминери президенттин билдирүүсүнө ылайык Москвага карата 100 пайыздык бажы алымы киргизилерин, ал эми Россиядан нефть сатып алган мамлекеттерге кошумча санкциялар каралганын түшүндүрүп берген.
Россия санкциялык басымга туруштук бере аларын, Батыштын муну моюндоого кудурети жетпей турганын башынан эскертип келет. Рестрикция киргизген мамлекеттердин өзүндө да чектөө чаралары күтүлгөндөй таасир бербегени айтылууда.
Трамп АКШ менен ЕБ Киевге курал берүүнү макулдашканын айтты. Чоо-жайы