БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. 16-июль, шаршембиде, күндүз айрым райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек жана Ош шаарында +34...+36 градуска чейин көтөрүлөт.