ӨКМ туристтер көп барган Чүйдөгү Көл-Төр көлүн изилдеди

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. ӨКМ кызматкерлери Кегетидеги Көл-Төр көлүнө байкоо жүргүзүп, жырылып кетүү коркунучу жок деген тыянакка келди. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады.
Адистер көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык экенин, суунун ташып кетүү коркунучу жок экенин аныктаган.
"Ага карабастан алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен суусу азайтылды", — деп жазылган маалыматта.
Мекеме Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жок экенин кошумчалады.
Көл-Төргө баруу үчүн Кегети капчыгайын аралап өтүү керек. Ал Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоо койнундагы көлгө бара жаткан жолдон өлкөнүн кереметтүү жаратылышын байкоого болот.
Кырсык кыйгап өттү. Такыр-Төр көлүндө эми кооптуулук жок экени айтылды