Балыкчыда Панфилов атындагы дивизиянын 84 жылдык мааракеси белгиленди

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Балыкчы гарнизонунда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун ысымын алып жүргөн легендарлуу сегизинчи гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
1 / 7

Балыкчы гарнизонунда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун ысымын алып жүргөн легендарлуу сегизинчи гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгы белгиленди

2 / 7

Иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов, Панфилов дивизиясынын өздүк курамы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жана борбордук аппараттарынын өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору катышты

3 / 7

Коргоо министри бул салтанатта Панфилов дивизиясынын 23- мотоаткычтар бригадасына тууну тапшырып, аскер кызматкерлерин ата-бабалардын салтын улап, Куралдуу күчтөрдүн мыкты үлгүсү болууга чакырды

4 / 7

Ошондой эле ийгилик жараткан аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды

5 / 7

Ошондой эле ийгилик жараткан аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды

6 / 7

"Митингдин соңунда коноктор заманбап аскердик техника жана курал-жарактар менен таанышып, Панфилов атындагы тарых музейинин көчмө көргөзмөсүн көрүштү. Майрамдык иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобу даярдаган концерт менен жыйынтыкталды”, – деп айтылат маалыматта.

7 / 7

Балыкчы гарнизонунда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун ысымын алып жүргөн легендарлуу сегизинчи гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгы белгиленди

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов, Панфилов дивизиясынын өздүк курамы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жана борбордук аппараттарынын өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору катышты.
Салтанатта коргоо министри айтылуу Панфилов дивизиясынын 23-мотоаткычтар бригадасына тууну тапшырып, аскер кызматкерлерин ата-бабалардын салтын улап, Куралдуу күчтөрдүн мыкты үлгүсү болууга чакырды. Ошондой эле ийгилик жараткан аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды.
"Митингдин соңунда коноктор заманбап аскердик техника жана курал-жарактар менен таанышып, Панфилов атындагы тарых музейинин көчмө көргөзмөсүн көрүштү. Майрамдык иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобу даярдаган концерт менен жыйынтыкталды”, – деп айтылат маалыматта.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстан Россиядан С-300 абадан коргонуу системаларынын партиясын алды