13-июлга карата аба ырайы

13-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 13-июль, жекшембиде, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +24...+29, Нарын жергесинде +26...+31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +34...+36 градуска чейин жетет.
2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди