БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров "Тамчы" инвестициялык аймагы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Документ өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестиция тартуу жана жалпы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамда белгиленгендей, "Тамчы" атайын аймагында иш алып барган инвесторлор үчүн өзгөчө укуктук шарттар түзүлүп, ал инвестиция тартуу боюнча эл аралык деңгээлдеги аянтча болот.
Аймактын өзгөчөлүгү — жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салууда англис укугунун нормалары колдонулат. Ошондой эле эл аралык талаш маселелерди кароо үчүн өзүнчө борбор түзүлөт.