Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азырынча айтылбайт". Лавров Россиянын Украина боюнча жаңы планы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Россия — АСЕАН отурумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Украина боюнча жаңы план тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россиянын чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштары кандай?" деген суроого Сергей Лавров аларды ачыктабай турганын айткан.
Буга чейин АШ президенти Москванын кийинки кадамдарына баа берип жатып, Россияга "кичинекей сюрприз" даярдап жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал Вашингтондун кандай кадамдарга барарын ачыктаган эмес.
Лавров Рубио менен жолугушууда Россиянын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча позициясын тастыктаганын билдирди.
"Ооба, биз Украинаны талкууладык, Владимир Путин 3-июлда Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө айткан позицияны дагы бир ирет тастыктадык", — деди министр.
Лавровдун айтымында, ал АКШнын мамлекеттик катчысына Зеленскийдин жана Киев режиминин башка өкүлдөрүнүн орустарды жок кылуу жөнүндөгү цитаталарынын жыйнагын да берген.
"Мен кечээ Зеленскийдин, Шмыгалдын, Ермактын, Подоляктын цитаталарынан кыскача үзүндү бердим, анда орустарды жок кылуу зарылдыгы жөнүндө түз айтылган", — деп кошумчалады министр.
Лавров Украина орус жана орус тилдүү калктын укугун чектеп, макул болбогондорду жок кылуу үчүн "аймактык бүтүндүккө" муктаж экенин белгиледи.
Эске салсак, кечээ күнү Лавров менен Рубио Куала-Лумпурда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Буга чейин дипломаттар бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, февраль айында алгачкы ирет Эр-Риядда өткөн Россия-Америка сүйлөшүүлөрүндө жолугушкан. Анда тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү боюнча ишти баштоого макулдашышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Россия тууралуу орчундуу билдирүү жасай турганын жар салды