БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылыктын чегинен ылдый жашайт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү боюнча кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, муну өзгөртүү үчүн мамлекеттик институттар менен коом биргелешип, чечкиндүү иш алып барышы керек.
"Биз эч кимди артта калтырбайбыз. Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык жарандар үчүн жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан сезилерлик натыйжаларды алып келиши керек. Ар бир бала, ар бир үй-бүлө негизги мүмкүнчүлүктөргө жана татыктуу келечекке ээ болушу керек", — деди Байсалов.
Кеңешменин жүрүшүндө жакырчылыкты кыскартуу үчүн адамдык капиталды өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана колдоо, социалдык колдоону өркүндөтүү жана жарандык демилгелерди колдоо, социалдык мобилизацияны күчөтүү талкууланды.
Ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн ички ресурстарды активдештирүү жана эл аралык колдоону тартууга аракет көрүлүп жатканы белгиленди.
Байсалов ар бир реформалык чечим социалдык теңсиздикти кыскартууга жана баарына бирдей мүмкүнчүлүк жаратууга багытталышы керектигине токтолду.
Кеңешмеге мамлекеттик органдардан сырткары демөөрчү уюмдардын, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан мамкызматкерлер видеоконференция аркылуу катышууда.