Камчыбек Ташиев дүйнө кубогунан коло медаль алган боксчуга машина берди

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада өткөн бокс боюнча дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулуна Hyundai Grandeur автоунаасын белек кылды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
1 / 2

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада өткөн бокс боюнча дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулуна Hyundai Grandeur автоунаасын белек кылды.

2 / 2

Ташиев спортчуларга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеген.

Ташиев спортчуларга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеген.
"Генерал-полковник спортчуну ийгилиги менен куттуктап, автоунаа белек кылды. Ошондой эле төрага ага дүйнөгө аты чыккан, өлкө желегин желбиреткен боксчу болуусун каалады", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми спортчу Нурадин Рустамбек уулу Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Нурадин Рустамбек уулу дүйнө кубогунда 75 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңген. 5-июлда финалга чыгуу үчүн болгариялык спортчу менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен болгариялык спортчу жеңүүчү деп табылган. Натыйжада Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.
Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында байгелүү орундарды алды