Өлкөдөгү чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү максатында жылдык үстөгү 8 пайызды түзгөн жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Адилет Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул долбоор президенттин Курултайдагы тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.
"Садыр Нургожоевич Курултайда ишкерлерге колдоо көрсөтүп, шарт түзгүлө деп тапшырма берген. Аны аткарыш үчүн Финансы министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлиги биргелешип ушул долбоорду даярдашты. Бюджеттен 500 миллион сом бөлүнүп, аны ишке ашыруу милдети бизге жүктөлдү. Учурда арыздар кабыл алынууда. Насыялар 5 миллион сомго чейинки суммада берилет. Аны 18 жаштан 65 жашка чейинки ишкердик менен алектенген бардык жарандар ала алат. Экспорт багытындагы ишканаларга артыкчылык берилет. Бул мүмкүнчүлүк өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлерге жеткиликтүү болушу үчүн атайын аракеттер көрүлдү. Каражат 40 райондун калкынын санына жараша бөлүштүрүлдү. Ошондуктан бардык аймактагы ишкерлер ала алат ", — деди Маматов.
Ошондой эле ал насыяны берүүдө тааныш-билиштикке, коррупциялык схемаларга жол берилбеши үчүн көзөмөл катуу экенин кошумчалады.