ЖМКлар Кувейттеги Батыш элчилеринин Украина боюнча жазышкандарын ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Түркиянын Aydınlık басылмасы Кувейтте иштеген бир катар Батыш элчилеринин жазышкан билдирүүлөрүн ачыктап, көпчүлүккө жарыялады. Андан Европа дипломатиясы Москва менен Киевдин тирешүүсү боюнча өз көз карашын кандайча таңуулап, кантип башкарып жатканын көрүүгө болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украин чалгыны боюнча жазылган бир нече макаладан кийин Перс булуңуна багытыбызды бурмакчыбыз. Кувейтте жайгашкан Батыш элчилери тарабынан түзүлгөн Киевди колдоо тобу булуңдагы бейтарап өлкө жана анын ЖМКлары тууралуу дипломатиялык миссиялардын пикирлерин ачыкка чыгарууда. Aydınlık басылмасы Перс булуңундагы ишенимдүү булактардан Кувейтте жүргөн Батыш элчилеринин WhatsApp жазышууларын алып чыкты. Жайылып кеткен бул жазышуулар Батыш дипломатиясынын Батыш Азиядагы кабылдоону башкаруу аракеттери жана маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү боюнча далилдерди камтыйт", — деп айтылат макалада.
Эскерте кетсек, буга чейин Aydınlık бир нече документти ачыктаган. Аларда украин Чалгын кызматы ишин Түркияда, өзгөчө Анкара, Стамбул жана Измир шаарларында күчөткөнү айтылат. Мындан тышкары, украин чалгыны крым-татардык общиналарга, Түркияга байланышы бар структураларга киргизилип, Түштүк-Украина АЭСиндеги реактордун иши үзгүлтүккө учураганын жашырып келген.
Жазышууларда Улуу Британиянын, Франция, Италия, Канада, Австралия, Чехия, Польша, Румыния, Украина жана Европа биримдигинин Кувейттеги өкүлдөрүнүн аты аталат.
"Маалыматтардын сыртка чыгып кетиши Кувейттин расмий позициясы кандайча манипуляцияланып жатканын жана Москва менен Киевдин ортосундагы согушта Батышты колдогон көз караш кандайча таңууланып жатканын көрсөтөт. Кувейттик ЖМКларды жана алардын редакциялык позициясын көзгө илбегендик, ошондой эле улуттук жана жергиликтүү басма сөздүн калыстыгына байланыштуу терс маанай ачык байкалат. Батыштын өзүнүн айткан "баалуулуктарына" болгон мамилеси бул жазышууларда даана көрүнүп турат. Жайылып кеткен билдирүүлөрдө дипломатиялык конвенциялар одоно бузулганы көрүнөт", — деп жазды басылма.
Эң кызыгы — Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин бейтарап болуу ниетине карабай Батыш элчилери көз карашын таңулоодон баш тарткан эмес.
"Франция, Улуу Британия жана Чехия элчилеринин ортосундагы сүйлөшүүдөн Кувейттин расмий позициясына Батыштан айтылган буйрук-көрсөтмөлөр кандайча үстөмдүк кылганын көрүүгө болот. Британиянын элчиси Белинда Льюис 2022-жылы Кувейттин ошол кездеги премьер-министри "согуш" деген сөздүн ордуна "кризис" деген терминди пайдаланууну сунуштаганын, бирок ал четке кагылганын айтып берген. Франция элчиси Оливье Говен Россияны "Кувейт ТИМин коркутууга аракет кылган" деп айыптаган. Бул билдирүүлөрдүн баары Батыштын өз терминологиясын таңуулап, Кувейттин суверенитетине кол шилтеп койгонун көрсөтүп турат", — деп айтылат макалада.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Россияга сюрприз даярдап жатканын айтты