Путин "Чет элдик жарандын санарип профилин" түзүү боюнча жарлыкка кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин "Чет элдик жарандын санарип профили" маалыматтык ресурсун иштеп чыгууга тапшырма берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Тиешелүү жарлык укуктук актылардын расмий порталына жарыяланган. Документке ылайык, ресурс Россиянын аймагына кирген, андан чыккан же анда жашап жаткан бардык чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын маалыматтарын камтышы керек.
"Чет элдик жарандын санарип профилин" түзүүнүн максаты – өлкөдөгү миграциялык абалга баа берүү үчүн толук, так жана актуалдуу маалыматтарды топтоо.
2024-жылдын 1-декабрынан тартып Россияда чет элдиктердин биометриялык маалыматтарын алуу башталган. Адегенде мындай аракеттер Москвадагы Шереметьево, Домодедово, Внуково, Жуков аэропортторунда жана Оренбург облусундагы Маштаково өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн. Ал эми ушул жылдын 30-июнунан тартып мындай режим мамлекеттик чек аралардагы бардык өткөрмө пунктуларда иштей баштады. Аталган талап Беларустун жарандарына, дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү менен алардын үй-бүлөсүнө тиешелүү болбойт.

Чет элдик жарандын санарип профили деген эмне?

30-июндан тартып киргизилген эрежеге ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде ЕАЭБ мамлекетинен баргандар сапарынын максаты тууралуу алдын ала маалымат бериши керек.
Мигранттын санарип профилинде жеке маалыматтар (аты-жөнү, туулган жылы, жарандыгы), биометриясы (манжа издери, сүрөт) жана статусу (келүү мөөнөтү, уруксат берген документтин түрү) тууралуу жазылат.
Профилди ар ким өз алдынча "Госуслуги" порталынан же чек арадан өтүп жатканда автоматтык түрдө түзүп алса болот.
Россияга кирүү үчүн RuID тиркемесине катталуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт