БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия менен Кытайдын аскердик жаатта кызматташуусу эл аралык укук нормаларына толугу менен шайкеш келип, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал брифингде Россия менен Кытайдын мамилесине тынчы кеткен НАТО баш катчысы Марк Рюттенин сөзүнө комментарий берген.
"Биздин Кытай менен кызматташуубуз эл аралык укук нормаларына дал келет, ачык-айкын, эч кандай көмүскө максаты жок, блоктук же конфронтациялык мүнөзгө ээ эмес, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбайт", — деген расмий өкүл.
Захарова Рюттенин эгер Кытай лидери Си Цзиньпин Тайванга кол сала турган болсо, биринчи кезекте Россия президентине чалат деген сөзүнө да жооп берди.
"Өтө таң калычтуу билдирүү. Рюттенин саламаттыгына, менталдык абалына тынчыбыз кете баштады. Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү болсо каяктагы кол салуу?" — деди Захарова.