БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 1-августтан баштап Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктарын жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оптимизациянын алкагында негизги жана жардамчы кызматкерлерден турган 100 штат кыскарат.
"Чечим мамлекеттик статистика чөйрөсүндө борбордук жана облустук деңгээлдер ортосундагы кайталануучу функцияларды жок кылууга, шаардык деңгээлде респонденттер менен тез иш алып барууга жана борбордук аппараттагы аналитикалык, методологиялык ишти күчөтүүгө багытталган. Өнөктүктүн алкагында үнөмдөлгөн каражат кызматкерлерге кошумча сый акы төлөөгө жана башка материалдык колдоолорго жумшалат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле буга чейин Улуттук статистика комитети расмий отчет формаларын 246дан 119га чейин кыскартканы кошумчаланды.