Жол боюнда бензин саткандар менен эми ИИМ жана жергиликтүү бийлик күрөшүшү мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. ИИМге жана жергиликтүү бийликке күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу боюнча иштерди кароого ыйгарым укук берүү сунушталууда.
Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда күйүүчү майды желим идиштерге куюп көчөлөрдө сатуу күч алып, кооптуу тенденцияга айланып баратканы белгиленген.
"Бул боюнча жоопкерчиликке тартуу салык органдарына жүктөлгөн. Бирок салыкчылардын саны аз, көпчүлүгү кеңсе иштеринде же посттордо иштегендиктен реалдуу көзөмөл жетишсиз болууда. Мындан улам бузууларга жеринен чара көрүү үчүн ИИМ, өрт коопсуздугу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыйгарым укук берүү зарыл", — деп жазылат негиздемеде.
Ошондой эле мунайзатты алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузган жарандарга карата жаза колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылары белгиленген.
Министрлер кабинети "Кыргыз мунай" ишканасын түздү. Милдети