Эне менен баланын коопсуздугу — төрөткө кантип даярдануу керек?

Sputnik
Төрөт — бул аялдын жашоосундагы эң маанилүү жана татаал учур. Кош бойлуу кезинде же төрөт учурунда эне менен баланын ден соолугун дарыгерлер, акушерлер көзөмөлдөшөт. Төрөт маалында туура дем алууну билүү керек. Терең жана жай дем алуу стрессти төмөндөтүп, балага кычкылтек жетиштүү берилишине жардам берет.
Ошондой эле эненин кыймыл-аракети, туура позаларды тандоо чоң роль ойнойт. Кээ бир позалар оорууну жеңилдетип, төрөттү тездетет. Мисалы, отуруу, басуу төрөттү жеңилдетет. Медициналык каражаттар менен гана эмес, табигый ыкмалар менен да ооруну башкарууга болот.
Төрөткө кантип даярдануу керек? Төрөткө чейин ооруну басуучу же төрөттүн жеңил өтүшү үчүн кандай ыкмалар бар?
Бул суроолорго жоопту "Көз мончок" берүүсүнөн тыңдаңыздар.