БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде кайсы бир өлкө БРИКС уюмунун "АКШга каршы" саясатын колдосо, анда ал мамлекетке кошумча 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"БРИКСтин Америкага каршы саясатын колдогон кайсы гана мамлекет болбосун, 10 пайыздык төлөм алынат. Мында эч кимге аёо болбойт", — деген Ак үйдүн башчысы.
БРИКС — 2006-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме, 2011-жылы ага Түштүк Африка кирген. Ал эми 2024-жылдан тарта Египет, БАЭ, Эфиопия, Иран, 2025-жылдын январь айынан баштап Индонезия кошулган.