БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 8-июль, шейшембиде, күндүз тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Талас жергесинде +29...+31, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын аймагында +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +33...+35 градуска көтөрүлөт.