Бул – ишкер Рысгүл Акимжанованын Эвересттин чокусуна жеткен кезин баяндаган учуру. Дүйнөнүн эң бийик тоосунун чокусуна Акимжанова экинчи жолку аракетинде чыккан. Биринчисинде кычкылтекти көп колдонуп алып, жарым жолдон артка кайтууга аргасыз болгон.
"Он саат бутубуз өйдө карап кетти да. Хиллари тепкичине барганда гана бутубуз горизонталдык абалга келди. Ошондо бир "у-уф" дедик. Бирок берки жактагы он сааттык жол бир, Хилларинин тепкичи аябай татаал экен, ал бир тең болду. Өлгөн кишилердин баары ошол жерде жатат. Эвересттин чокусунда тургандын өзү абдан кооптуу. Отуруп алып бир жерге суктанып же "оо, мен ушуну кылдым" дегенге эч кандай мүмкүн эмес. Ал жерде тапшырма бар, ошону аткарыш керек, ошону жасаш керек", – деди маектеш.
Акимжанова тоого чыгуу менен бир гана жыл машыккан. Айтымында, физикалык даярдык менен катар адамдын эрки, эмоционалдык абалы да жолдон кезиккен кыйынчылыктын баарын жеңип өтүүгө таасир берет. Мындан тышкары, тик учак менен барып келди деген кептерге жооп берип, Непалда Эверестке тик учак менен чыгууга катуу тыюу салынганын билдирди.
Ишкер айым тоого чыгууну токтотпой турганын, эми элдин буту баса элек тоолорду карап чыгарын кошумчалады.
По теме: