БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Дүйнөдө түшүнүшүү, кызматташтык жетишпей жатканда Шанхай кызматташтык уюму өнүгүүгө биргелешип умтулуунун эл аралык мамиледеги үлгүсүн көрсөтүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Кытайдын Шэньян шаарында өткөн ШКУнун Элдик дипломатия форумунда билдирди.
“Дүйнөдө диалог, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жетишпей жатат. Заман талабындагы чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууда дал ушул элдик дипломатия маанилүү ролду ойнойт. Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешип өнүгүүгө умтулуунун негизиндеги эл аралык мамилелердин моделин көрсөтүп жатат”, — деди Иманкулов.
Ал өз сөзүндө кыргыз-кытай мамилесинин бекемделип жатканына, стратегиялык өнөктөштүктүн орнотулганына, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө багытталган иштерге токтолду.
Мындан тышкары, мамлекеттик катчы 2026-жылы өлкөдө Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алдында регион башчыларынын форумун өткөрүү ниети бар экенин айтты.
Аталган иш-чарага уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, шаарлардын, аймактардын, коомдук жана илимий чөйрөлөрдүн жетекчилери катышты.