БИШКЕК, 5-июл. —Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия Азербайжан менен Россиянын ортосундагы мамилеге көз салып турганын билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Эрдоган азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен бул маселени талкуулаганын белгилеген.
"Түркия Азербайжан менен да, Россия менен да дипломатиялык жана стратегиялык мамиледе. Биз абалга дыкат көз салуудабыз жана эки тарапты тең сабырдуулукка чакырабыз. Маселени жеңил, сүйлөшүп, акыл менен чечсе болот деп эсептейбиз. Эки мамлекеттин ортосундагы терс окуялар мүмкүн болушунча тез арада бүтөт деп үмүттөнөм. Бул көрүнүштөр Россия менен Азербайжандын мамилесине олуттуу зыян тийгизбешин каалайбыз", – деген Түркия лидери Азербайжандан кайткан учакта келе жатып журналисттерге.